Видеоархив

Наши партнеры

Филиалы

Архив новостей

Главная / Новости

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков энергетикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады


 

22 Бештин айы, 2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков энергетикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу энергетиктер жана ушул тармактын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Энергетиктердин күнү менен куттуктайм!

Энергетика – өлкөнүн экономикасынын негизи, өнөр жай ишканаларынын, мамлекеттик мекемелердин, мектептердин, ооруканалардын үзгүлтүксүз иштеши, үйлөрүбүздөгү жылуулук жана ыңгайлуулук энергетиканын ишине көз каранды.

Энергетикалык ишканаларда миңдеген мыкты адистер иштейт, алар кыйынчылыктарга карабастан элди энергия менен туруктуу жана коопсуз камсыздап жатышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурат. Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү комплекстүү пландары даярдалып, аларда жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана эскилерин модернизациялоо, жаңы электр өткөрүүчү линияларды жана подстанцияларды куруу, бөлүштүрүүчү жана жылуулук берүүчү тарамдарды өнүктүрүү, электр энергияны эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү белгиленген. Ушул пландарды сиздер менен биргелешип ийгиликтүү ишке ашырабыз.

Кийинки жылдарда энергетика тармагын өнүктүрүүдө бир топ орчундуу ийгиликтер болду – өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу камсыздалды, энергия иштеп чыгаруучу кубаттуулуктарды көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Тармактын ардагерлерине айрыкча ыраазылык билдиремин. Сиздердин түйшүктүү эмгегиңиздер, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн ыракмат!

Энергетика тармагынын бардык кызматкерлерине тынчтыкты, иштеги ийгиликтерди, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакты-таалай каалаймын!».

Дата: 2016-12-22
Версия для печати

Онлайн: водосбросы

online

Проекты

Модернизация ТЭЦ Бишкек
 

Актуально

2017-01-31 Выездное заседание комитета Жогорку Кенеша по топливно-энергетическому комплексу и недропользованию на ТЭЦ Бишкек
2017-01-26 Это действительно круто! Как ремонтируется ТЭЦ Бишкека. Вид сверху
2016-09-22 Ардактуу энергетик Түлөбердиев Жамалбек Түлөбердиевич «Журт Атасы»наамы жана «Алтын Төш» белгиси менен ыйгарылды
2016-07-14 Информация по проекту «Модернизация ТЭЦ г. Бишкек» по состоянию на 14.07.2016 г.
2016-02-16 Поздравляем нашу команду! Мы – первые!
2015-11-30 Вакансия - страновой координатор по Кыргызстану Секретариата Межправсовета CASA-1000
2015-09-28 В рамках модернизации ТЭЦ Бишкек была демонтирована с помощью взрыва труба №1
2015-01-16 АБР ПОМОЖЕТ МОДЕРНИЗИРОВАТЬ КРУПНЕЙШУЮ ЭЛЕКТРОСТАНЦИЮ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ