Видеоархив

Наши партнеры

Филиалы

Архив новостей

Главная / Новости

«Электр станциялар» ачык акционердик коому ички аудит Кызматынын башчысына жана кызматкерлери үчүн ачык конкурс жарыялайт


Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

- кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арызы;

- таржымал;

- кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;

- зарыл болгон кесиптик билимин тастыктаган документтер, иш стажын жана квалификациясын (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, ыйгаруу жөнүндө жана илимий даражаны, илимий наамды, нотариалдык жактан же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматы тарабынан  күбөлөндүрүшү керек);

- паспортунун көчүрмөсү же ким экендигин тастыктаган документтин (паспорттун түп нускасы же инсандыгын ырастоочу документти  конкурска келгенде көрсөтүлөт);

- сунуштоолор;

-соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (ИИМдин Маалымат борборунан), документтерди алган  учурда берилген мөөнөтү 6 айдан ашык эмес болуш керек;

Документтер «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун кадрлар бөлүмүнө 2017-жылдын 14-апрелинин саат 15:30 дон кечикпей скоросшивателде төмөнкү дарек боюнча Бишкек шаары, Жибек–Жолу проспектиси, 326, 317 кабинетке берилүүгө тийиш, тел. 662012;

Конкурс тууралуу толук маалыматты «Электр станциялары» ААКтын сайтынан алууга болот: energo-es.kg

Коомдун кадрлар бөлүмү документтерди кабыл алуудан баш тарткан учурда, Сиз “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” Ачык акционердик коомуна төмөнкү  телефондор боюнча кайрылсаңыздар болот: 0312 562151; 0776112246 

Ички аудит Кызматынын башчы кызматына  квалификациялык талаптар:

- бухгалтердик  эсеп, аудит, каржы жана экономика тармактарында жогорку кесиптик билими болушу керек;

- аудит, бухгалтердик эсеп, финансы-экономикалык талдоо чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы – 5 жылдан кем эмес болушу керек;

- жетекчилик кызматта иштөө тажрыйбасы-  3 жылдан кем эмес болушу керек;

- ички аудит Стандарттарын билүү жана түшүнүү;

- эл аралык каржылык отчеттуулуктун Стандарттарын билүү;

- Кыргыз Республикасынын нормативдик  укук ченем  актыларын, анын ичинен  аудитордук иш, бухгалтердик эсеп боюнча укук ченем  актыларын  билүү зарыл;

Ошондой эле  САР бухгалтер-практик, кесиптик CIPA бухгалтери же аудитор сертификаттарынын болушу  артыкчылык берет.

Ички аудит Кызматынын  финансы аудиторунун  кызматына 

квалификациялык талаптар:

- бухгалтердик  эсеп, аудит, каржы жана экономика тармактарында жогорку кесиптик билими болушу керек;

- аудит, бухгалтердик эсеп, финансы-экономикалык талдоо чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы – 3 жылдан кем эмес болушу керек;

-  ички аудит Стандарттарын жана аларды колдонуусун  билүү;

- Кыргыз Республикасынын нормативдик  укук ченем  актыларын, анын ичинен  аудитордук иш, бухгалтердик эсеп жана энергетика  маселелери боюнча укук ченем  актыларын  билүү зарыл;

Ошондой эле, ички аудит тармагындагы сертификаттардын жана/же квалификациясынын болушу артыкчылык берет.

Ички аудит Кызматынын техникалык аудиторунун кызматына квалификациялык талаптар:

- энергетика, курулуш жана техникалык чөйрө тармактары боюнча жогорку кесиптик билими болушу керек; 

- энергетика жана курулуш тармагында иш тажрыйбасы -3 жылдан кем эмес болушу керек ;

- ички аудит Стандарттарын жана аларды колдонуусун  билүү зарыл;

- Коомдун негизги ишмердүүлүгү жөнүндө  Кыргыз Республикасынын нормативдик  укук ченем  актыларын, анын ичинен энергетика жөнүндө укук ченем  актыларын  билүү зарыл;

Аудитордук иш жана бухгалтердик эсеп боюнча нормативдик укук ченем актыларын  билүү  артыкчылык болот.

Ошондой эле энергетика тармагында техникалык аудит жүргүзүү боюнча сертификаттары жана/же квалификациясынын болушу артыкчылык берет.

Анкеталык маалыматтары көсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска катыша албайт.

Конкурска төмөнкү адамдар катыша алышпайт:

- соттолгондугу жокко чыгарылбаган же алынып салынбагандар;

- тууганы болуп саналган (Коомдун кызмат адамдарынын жубайы, күйөөсү, ата-энеси, балдары, бир туугандары) же Коом тарабынан аффилирленген жактар;

- Коомго акыркы 2 жылда контрагент болуп саналгандар.

Скачать конкурс на аудитора

Скачать Положение о СВА

 

 

Дата: 2017-03-29
Версия для печати

Онлайн: водосбросы

online

Проекты

Модернизация ТЭЦ Бишкек
 

Актуально

2017-03-28 Cостоялась пресс-конференция на тему «Итоги завершения осенне-зимнего периода 2016-2017 г.г. и перспективные планы развития энергетической отрасли КР»
2017-01-31 Выездное заседание комитета Жогорку Кенеша по топливно-энергетическому комплексу и недропользованию на ТЭЦ Бишкек
2017-01-26 Это действительно круто! Как ремонтируется ТЭЦ Бишкека. Вид сверху
2016-09-22 Ардактуу энергетик Түлөбердиев Жамалбек Түлөбердиевич «Журт Атасы»наамы жана «Алтын Төш» белгиси менен ыйгарылды
2016-07-14 Информация по проекту «Модернизация ТЭЦ г. Бишкек» по состоянию на 14.07.2016 г.
2016-02-16 Поздравляем нашу команду! Мы – первые!
2015-11-30 Вакансия - страновой координатор по Кыргызстану Секретариата Межправсовета CASA-1000
2015-09-28 В рамках модернизации ТЭЦ Бишкек была демонтирована с помощью взрыва труба №1