Главная / Новости

«Электр станциялар» ачык акционердик коому ички аудит Кызматынын кызматкерлери үчүн ачык конкурс жарыялайт


«Электр станциялар» ачык акционердик коому ички аудит Кызматынын кызматкерлери үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

- кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арызы;

- таржымал;

- кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;

- зарыл болгон кесиптик билимин тастыктаган документтер, иш стажын жана квалификациясын (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, ыйгаруу жөнүндө жана илимий даражаны, илимий наамды, нотариалдык жактан же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматы тарабынан  күбөлөндүрүшү керек);

- паспортунун көчүрмөсү же ким экендигин тастыктаган документтин (паспорттун түп нускасы же инсандыгын ырастоочу документти конкурска келгенде көрсөтүлөт);

- сунуштоолор;

-соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (ИИМдин Маалымат борборунан), документтерди алган  учурда берилген мөөнөтү 6 айдан ашык эмес болуш керек;

 

 Документтер «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун кадрлар бөлүмүнө 2018-жылдын 31-январынын саат 17:00 дөн кечикпей скоросшивателде төмөнкү дарек боюнча Бишкек шаары, Жибек–Жолу проспектиси, 326, 317 кабинетке берилүүгө тийиш, тел. 662012;

            Коомдун кадрлар бөлүмү документтерди кабыл алуудан баш тарткан учурда, Сиз “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” Ачык акционердик коомуна төмөнкү  телефондор боюнча кайрылсаңыздар болот: 0312 562151; 0776112246

 

Ички аудит Кызматынын  финансы аудиторунун  кызматына

квалификациялык талаптар:

- бухгалтердик эсеп, аудит, каржы жана экономика тармактарында жогорку кесиптик билими болушу керек;

- аудит, бухгалтердик эсеп, финансы-экономикалык талдоо чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы – 3 жылдан кем эмесболушу керек;

-  ички аудит Стандарттарын жана аларды колдонуусун  билүү;

- Кыргыз Республикасынын нормативдик  укук ченем  актыларын, анын ичинен  аудитордук иш, бухгалтердик эсеп жана энергетика  маселелери боюнча укук ченем  актыларын  билүү зарыл;

             Ошондой эле, ички аудит тармагындагы сертификаттардын жана/же квалификациясынын болушу артыкчылык берет.

 

Ички аудит Кызматынын техникалык аудиторунун кызматына

 квалификациялык талаптар:

- энергетика, курулуш жана техникалык чөйрө тармактары боюнча жогорку кесиптик билими болушу керек;

- энергетика жана курулуш тармагында иш тажрыйбасы -3 жылдан кем эмес

 болушу керек ;

- ички аудит Стандарттарын жана аларды колдонуусун  билүү зарыл;

- Коомдун негизги ишмердүүлүгү жөнүндө  Кыргыз Республикасынын нормативдик  укук ченем  актыларын, анын ичинен энергетика жөнүндө укук ченем  актыларын  билүү зарыл;

             Аудитордук иш жана бухгалтердик эсеп боюнча нормативдик укук ченем актыларын  билүү  артыкчылык болот.

            Ошондой элеэнергетика тармагында техникалык аудит жүргүзүү боюнча сертификаттары жана/же квалификациясынын болушу артыкчылык берет

 

Анкеталык маалыматтары көсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска катыша албайт.

Конкурска төмөнкү адамдар катыша алышпайт:

- соттолгондугу жокко чыгарылбаган же алынып салынбагандар;

- тууганы болуп саналган (Коомдун кызмат адамдарынын жубайы, күйөөсү, ата-энеси, балдары, бир туугандары) же Коом тарабынан аффилирленген жактар;

- Коомго акыркы 2 жылда контрагент болуп саналгандар.

 

 

 

Дата: 2018-01-22
Версия для печати