23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү

Урматтуу мекендештер, кесиптештер сиздерди бүгүнкү 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!
1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусу берилип, тарыхыбызда эгемендүү мамлекетти курууга орчундуу кадам таштаганбыз.
Биз ата-бабаларыбыздан эки куттуу, ыйык мурас алып калдык: бири - Ата Мекенибиз болсо, экинчиси - эне тилибиз. Улуттук тилибизди кийинки муундарга өткөрүп берүү биздин милдетибиз болуп саналат.
«Элди эл кылып турган - анын тили», - демекчи, ар бирибиз эне тилин барктап, өз тилибизде эркин сүйлөө менен мамлекеттик тилдин өнүгүп өсүшүнө салым кошолу!
Ата-бабаларыбыз сүйлөп келген улуттук тилибиздин бүгүнкү 35 жаш мааракеси менен куттуктайбыз!
«Электр станциялар» ААКтын башкы директору С.С.Садыракунов.
23.09
23.09.24