«Электр станциялар» ААКнын башкы директору С.С.Садыракунов алгачкы жумушчу иш сапары менен Токтогул ГЭСде болду

Бүгүн, «Электр станциялар» ААКнын жаңы башкы директору алгачкы жумушчу иш-сапары менен Токтогул ГЭСде болду, ГЭСтин реконструкция долбоорунун алкагында аткарылып жаткан жумуштар, ошондой эле ТГЭСтин күз - кыш мезгилине даярдыгы жана курулуш иштери менен таанышты.

С.Садыракунов ГЭСтин жетекчилиги менен көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сүйлөшүп , реконструкция жумуштарын жана ремонттук иштерди күз - кыш мезгилинин графигине ылайык өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

Бүгүнкү иш сапарынын алкагында "Электр станциялар" ААКнын башкы директору, ТГЭСтин 718 белгидеги шахтанын турбиналык вал коридорун, коммутатор камерасын, MOT бөлмөлөрүн оңдоп түзөөгө тапшырма берди.
Ошондой эле Токтогул ГЭСтер каскадынын өндүрүш - курулуш базасында алюминийден эшик терезе жана пластик жабдууларды, эмеректерди даярдоо боюнча станокторду сатып алуу менен тийиштүү шаймандарды өзүбүздөн даярдап чыгаруунун жолдорун карап чыгып, алардын бааларын эсептеп чыгууну, мындан тышкары, инвестиция тартуу менен «Интурист» конок үйүн капиталдык оңдоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Иш сапардын жыйынтыгында ГЭСтин объектилерин иретке келтирип, аларды жаңылоо үчүн эски имараттарды оңдоону иш планына киргизүү чечими кабыл алынды.