Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатынын реабилитациялоо жумуштарынын 50%дан көбү аяктады

"Электр станциялар" ААКнын Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатынын реконструкция жумуштарынын башталганына 5 айдан өттү. Бул аралыкта бир катар жумуштар аткарлып, учурда планга коюлган жалпы жумуштун 50%дан көбү аткарылып бүттү. Учурда жумушчу топ күз-кыш мезгилине чейин реабилитациялоо жумушун 100% аткаруу үчүн тынымсыз иш алып барууда.

Модернизациялоо иштеринин жүрүшүндө 5 айдын ичинде аткарылган жумуштун катарын төмөнкүлөр толуктайт:

№1 гидроагрегаттын негизги жабдуулары жана көмөкчү системалары боюнча: гидроагрегат жана бардык көмөкчү системалары толугу менен демонтаждалган(толкундануу, башкаруу, муздатуу системалары, релелик коргоо жана автоматика, кабелдер жана кабель текчелери, 15,75 кВ өткөргүчтөр) жана түтүктөр, өчүрүүчү арматуралар кампага чыгарылды.

Камтылган бөлүктөрүнүн даярдоо иштери аяктады.

ГА-1 турбинасын монтаждоо иштери аяктады.

Бүгүнкү күндө генераторду монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө ( машина залында монтаждоо аянтында ГА-1 роторунун темири/ алкагы жана түркүгү чогултулган, генератордун астыңкы бөлүгү жана төмөнкү валы орнотулган).

15,75 кВ жаңы ток өткөргүчтөрдү орнотуу;

Жаңы электр, көзөмөлдөө жана өлчөө кабелдерин орнотуу үчүн жаңы кабелдик текчелер орнотулууда;

Толкундануу системанын панелдери жана шкафтары, башкаруу системалары, гидроагрегатты жөнгө салуу системалары, үзгүлтүксүз электр менен жабдуу системалары, гидроагрегатты көзөмөлдөө системалары орнотулган.

Гидроагрегаттын муздатуу системасынын түтүктөрүн жана жабуу клапандарын орнотуу;

Машина залында башкаруунун жаңы системасы орнотулду: май басым бирдиги электр кыймылдаткычтары жана насостору, гидровликалык колонна, түтүктөрдү монтаждоо улантылууда.

ГА-1 күч трансформаторлорунун өрт өчүрүүчү системасынын түтүктөрүн жана өчүрүүчү клапандарын монтаждоо иштери аткарылууда.

Токтогул ГЭСнин реконструкция иштери эскилиги жеткен жабдууларды алмаштырып жаңылоо менен, ГЭСтин иштөө мөөнөтүн узартуу жана станциянын кубаттулугун көбөйтүү болуп санала. Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатынын модернизациялоо жумуштары бүтсө ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна дагы 60 МВт кошулуп, күз-кыш мезгилине калкыбызды үзгүлтүксүз жана туруктуу багытта электр энергия менен камсыздоого өбөлгө түзүлөт.

001

002

003

004

005

006