«Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоору боюнча иштердин реалдуу жүрүшүнө баа берүү алкагында «Электр станциялар» ААКнын башкы дирекциясынын мүчөлөрү Үч-Коргон ГЭСинде болушту

Бүгүн, 2024 - жылдын 15 - августунда «Электр станциялар» ААКнын башкы дирекциясынын мүчөлөрү Үч-Коргон ГЭСнин реконструкция жумуштарынын жүрүшүнө олуттуу текшерүү жүргүзүштү. Бул иш сапар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» масштабдуу долбоорунун алкагында учурдагы жасалып жаткан жумуштардын жыйынтыктарына кылдат баа берүүгө арналды.

Иш сапардын жүрүшүндө «Электр станциялар» ААКнын жетекчилиги иштин айкын темптери жана №4 гидроагрегатты алмаштыруу жана реабилитациялоо боюнча иштердин жыйынтыгы менен жеринде тааныша алышты. Учурдагы иштердин жүрүшүн кылдаттык менен текшергенден кийин, жеринде кенейтилген кеңешме болуп өттү, ага реконструкция жумуштарын алып барып жаткан консультанттар жана подрядчылар катышты.

Талкууда стратегиялык пландоо, долбоордук иш-чаралардын жана алдыдагы иштердин ресурстарын эффективдүү башкарууга басым жасалды.

«Электр станциялары» ААКнын башкы директору №4 гидроагрегатты алмаштыруу боюнча иштерди өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул Үч-Коргон ГЭСинин келерки күз-кыш мезгилиндеги ишенимдүүлүгү жана эффективдүүлүгү үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Ал белгиленген мөөнөттөргө жетишүү үчүн эмгек ресурстарынын стратегиясын оптималдаштыруу жана бөлүштүрүү зарылдыгына көңүл бурду.

«Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо биздин приоритеттүү долбоорлордун бири жана биз аны өз мөөнөтүндө ийгиликтүү бүтүрүүгө багытталганбыз, гидроагрегаттарды модернизациялоо иштеринин ийгиликтүү өтүшү биз үчүн абдан маанилүү , бул келерки күз-кыш айларында Үч-Коргон ГЭСинин туруктуулугуна жана эффективдүүлүгүнө кепилдик берет», - деп белгиледи «Электр станциялары» ААКнын башкы директору С. Садыракунов.