Директорлор Кеңеши “Акционердик коомдор жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык чечти:
- Өткөрүүнүн күндүзгү формасы менен Коомдун акционерлеринин кезексиз жалпы жыйналышы чакырылсын;
- 2021-жылдын 9-июнунда саат 10-00 дө, Бишкек ш., Жибек-Жолу көчөсү 326 дареги боюнча (“Кыргызстан УЭТ” ААКынын жыйындар залында), саат 09-00 дөн 10-00 чейин Коомдун акционерлеринин каттоо мөөнөтүн аныктоо менен Коомдун акционерлеринин кезексиз жалпы жыйналышы жүргүзүлсүн;
- “Электр станциялар” ААКынын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйналышынын төмөнкү күн тартибин бекитсин:
- Коомдун эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө;
- Коомдун директорлор Кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;
- Коомдун директорлор Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо тууралуу;
- 2021-жылга Коомдун директорлор Кеңешин кармоого кеткен чыгымдардын сметасы жөнүндө;
- Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;
- Коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу;
- 2021-жылга Коомдун жылдык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- Коомдун директорлор Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- Коомдун Генералдык дирекциясы жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.