"Электр станциялар" ААКтын башкы директору Кара-Көл шаарынын пенсионерлерин карылар күнү менен куттуктады

 Бүгүн, 2024-жылдын 1-октябрында Карылар күнүн майрамдоонун алкагында "Электр станциялар" ААКтын башкы директору С.Садыракунов Кара-Көл шаарындагы пенсионерлердин үйлөрүнө барып, аларды ушул маанилүү күн менен куттуктады. Бул иш чара "Электр станциялар" ААК компаниясы тарабынан көп жылдык эмгеги жана турмуштук тажрыйбасы менен коомдун өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон улуу муундун өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирүүсү болду.
 "Электр станциялар" ААКтын башкы директору С. Садыракунов ар бир пенсионерди майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана узун өмүр каалады. С.Садыракунов урмат көрсөтүү менен ар бир пенсионерге 2 миң сомдон акчалай белек, ошондой эле керектүү жана жагымдуу сюрприздер менен майрамдык баштыгын тапшырды. Мындай акциялар улуу муунду колдоого багытталган "Электр станциялар” ААКтын ишмердүүлүгүндө социалдык жоопкерчиликтин маанилүү ролун көрсөтөт.
 Пенсионерлер менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө С.Садыракунов улгайган адамдарга камкордук көрүү — бул "Электр станциялар" ААКтын корпоративдик саясаты гана эмес, ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги экендигин белгиледи. "Биз улуу кесиптештерибиздин жана жарандарыбыздын аракети жана эмгеги менен туруктуу өнүгүп жаткан өлкөдө жашап жана иштей аларыбызды эстен чыгарбашыбыз керек. Алардын тажрыйбасы жана акылмандыгы биз үчүн үлгү жана багыт болуп саналат", — деп баса белгиледи С.Садыракунов.
 Куттуктоо сапарларынан тышкары, "Электр станциялар" ААК компаниясы пенсионерлерди, эмгек ардагерлерин жана көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында эмгектенгендерди колдоого багытталган ар кандай социалдык демилгелерге активдүү катышууда.
 "Электр станциялар" ААК улуу муундагы адамдарга сый жана камкор мамиле жасоо салтын сактап калууга жана өнүктүрүүгө, аларды майрам күндөрү гана эмес, жыл бою колдоого умтулат. Карылар күнү-бул заманбап жетишкендиктердин түптөлүшүнүн башында тургандарга колдоо көрсөтүүнүн жана көңүл буруунун маанилүүлүгүн эскертип турат жана "Электр станциялар” ААК бул аракеттерге катышууну өзүнүн парзы деп эсептейт.
1.
2 v2.
3
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
20
19
18