Бүгүн, 2024-жылдын 5-августунда «Электр станциялары» ААКнын башкы директору С.С. Садыракунов Бишкек жылуулук электр борборунун жана «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө «Электр станциялар» ААКнын филиалдары – «Бишкек жылуулук электр борбору» жана «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомдорунун Бишкек шаарынын мериясынын муниципалдык менчигинин балансына өткөрүп берүүнүн абалы жана жүрүшү боюнча маанилүү жана зарыл маселелер каралды.
Эске салсак, өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 04.03.2024-ж. № 89 Жарлыгына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 06.07.2024-ж. № 303 буйругуна ылайык жүзөгө ашырылууда.
С.С. Садыракунов бул процесстин "Бишкек жылуулук тармагын" жана "Бишкек жылуулук электр борборун" башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле шаарды туруктуу жана ишенимдүү жылуулук менен камсыздоо үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, кызматкерлер жаңы шарттарда иштөөнүн мындан аркы кадамдары жана келечеги тууралуу кеңири маалымат алышты.
Коллектив «Электр станциялары» ААК түзүлгөндөн бери биргелешип иштеген көп жылдар бою кызматташууга жылуу сөздөрүн айтып, «Электр станциялары» ААК менен жаңы статуста достук мамилени сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин билдиришти.
Ошондой эле башкы директор С. Садыракунов жалпы иш үчүн, ар бир кызматкердин эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, энергетика тармагын ийгиликтүү өнүктүрүүгө ар бир кызматкердин кошкон салымы зор экенин белгиледи.