Электр станциялары ААКнын башкы директору С.С. Садыракунов ГЭСтин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү

2024-жылдын 18-июлунда «Электр станциялар» ААКнын башкы директору С.Садыракунов өзүнүн орун басары К.Назеков менен биргеликте ГЭСтин филиалдарын кыдырып, кызматкерлер менен жолугушту.

Алардын иш сапарынын негизги максаты ар бир ГЭСтин жумушчу тобу менен жакындан таанышып, ГЭСтин жумушчуларынан түшкөн сунуштарды, каалоолорду жана кошумчаларды талкуулап, ошону менен бирге бардык эмгек жамаатына ынгайлуу, коопсуз эмгек шарттарын түзүп берүүнү сүйлөшүү болду.

Бул максатта азыркы учурда гидроэлектростанцияларда техникалык персоналдын шарттарын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, учурда турбиналык чоң бөлмөлөрдө пол тазалоо үчүн пол жуугуч машиналарды сатып алуу баскычында турат, бул өз кезегинде техниктердин иштөө шарттарын жакшыртууга жана жеңидетүүгө жардам берет.

Ошондой эле ГЭСтерге эмеректерди жана алюминий профилдерди өзүбүздөн чыгаруу үчүн машиналарды сатып алуу менен, жумушка ыңгайлуу шарт түзүү.

Мындан тышкары, күйүүчү майды үнөмдөө, өлкөнүн экологиясын жакшыртуу боюнча мамлекеттик чараларды колдоо максатында эскилиги жеткен унаалардын ордуна, жумушчуларга жаңы электр унааларын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Башкы директор ар бир филиалдын жетекчилерине жана ГЭСтердин жетекчилерине кызматкерлердин ыңгайлуу иштөө шарттарын камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды койду.

Жыйынтыгында С. Садыракунов кызматкерлер менен иштөө шартын талкуулап, кызматкерлердин жемиштүү иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ар бир сунуш эске алынарын билдирди.

Өз кезегинде ал жумушчу кызматкерлерден ГЭСтердин жумуш орундарында өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоону, жарандарыбызды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүүнү суранды. "Электр станциялар" ААКнын башкы директору: «Ар бир станциянын графикке ылайык иштеши үчүн биздин сиздер менен иштөөбүздөн көп нерсе көз каранды» - деп баса белгиледи.

photo 2024 07 20 19 07 35

photo 2024 07 18 23 34 57

photo 2024 07 18 23 17 02

photo 2024 07 18 23 16 38