"Электр станциялары" ААКнын башкы директору С.С. Садыракунов ЖЭБди өткөрүп берүү маселеси боюнча Ош шаарынын мэри менен жолугушту

Бүгүн "Электр станциялары" ААКынын башкы директору С.С. Садыракунов Ош шаарынын мэри менен маанилүү жолугушуу өткөрдү. Бул кадам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №402 Токтомун аткаруунун бир бөлүгү болуп саналат.

Ош шаарынын ЖЭБин муниципалитеттин балансына өткөрүп берүү - региондун энергетикалык инфраструктурасын оптималдаштыруу жана модернизациялоо зарылдыгы менен шартталган. Бул процесстин максаты көрсөтүлгөн кызматтардын сапатынжакшыртуу жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу болуп саналат.

С.С. Садыракунов жана Ош шаарынын мэри өткөрүп берүүнүн негизги аспектилерин, анын ичинде энергетикалык объектини башкаруу боюнча пландарды, уюштуруу маселелерин жана процессти аяктоонун болжолдуу мөөнөттөрүн талкуулашты.
"Электр станциялары" ААКынын башкы директору ЖЭБди муниципалитеттин балансына өткөрүп берүү - региондогу энергетикалык абалды жакшыртууга карай олуттуу кадам болот деген ишенимин билдирди.

"Биз бул кадамды Ош шаарынын жашоочулары үчүн энергетикалык ресурстарды оптималдаштыруу жана жашоошарттарын жакшыртуу боюнча стратегияны ишкеашыруудагы маанилүү этап катары карайбыз. Бизконструктивдүү кызматташууга даярбыз жана биргелешкенаракеттер оң натыйжаларды берерине ишенебиз " - депбелгиледи С.С. Садыракунов.

Ош шаарынын мэри ошондой эле ЖЭБтин берилиши көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга жана шаарды энергия менен ишенимдүү камсыздоого өбөлгөтүзөрүн белгилеп, колдоо көрсөткөндүгү үчүныраазычылык билдирди.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча "Электр станциялары" ААКынын башкы директору С.С. Садыракунов жана Ош шаарынын мэри негизгидокументтерге, анын ичинде өткөрүп берүү актысына жанажол картасына кол коюшту. Бул документтер Ош шаарынынЖЭБин муниципалитеттин балансына өткөрүп берүүтартибин аныктайт жана объектти андан ары башкаруу жанаоптималдаштыруу этаптарын жана мөөнөттөрүн белгилейт.

"Кошумчалап кетсем, ЖЭБдин бардык кызматкерлеринекесипкөйлүгү жана ишине берилгендиги үчүн тереңыраазычылык билдирем. Алардын иши шаарды ишенимдүүжана сапаттуу энергия менен камсыз кылуунун ачкычыболуп келген. Биз алардын ар бири мененкызматташканыбызга сыймыктанабыз жана ЖЭБдиишенимдүү колго өткөрүп берүү бул маанилүү ишти жаңыдеңгээлде улантууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз", - депбелгиледи С. С. Садыракунов.

01

02

03

04