«Электр станциялар»ААКнын башкы директору иш сапары менен Ат - Башы ГЭСде күз - кыш мезгилине даярдануу боюнча иш чара өткөрдү

2024 жылдын 20 - 21 июндары «Электр станциялар» ААкнын башкы директору Таштан Коңурбаев орун басарлары, компаниянын филиалдарынын жетекчилери, Ат - Башы ГЭСнин кызматкерлери менен биргеликте 2024 - 2025 жылдардын күз - кыш мезгилине даярдануу боюнча иш чарага катышышты. Иш чарада филиалдын жетекчилерине күз - кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иш алып баруу үчүн, ремонттук иштерди өз убагында графиктин негизинде бүтүрүү тапшырылды.

Бул иш сапарында компаниянын башкы дирекциясы Ат-Башы ГЭСинин жалпы жамааты менен жолугушуу өткөрүп, ГЭСтин көйгөйлөрү жана өз учурунда сунуштар талкууланды. ГЭСтин күз-кышка даярдык боюнча иштер менен жумуш жүрүп жаткан учурда таанышып, бир катар жумуштарды аткаруу боюнча тапшырмалалар коюлду.

“Электр станциялар” ААКнын негизги максаты 2024-2025-жылдарга карата калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыз кылуу максатында күз-кыш мезгилине карата даярдануу иштерин өз убагында пландын негизинде жүргүзүү болуп саналат.