“Камбар-Ата-1” ГЭС: Тоннелди казуу иштери аяктады

Бүгүн, 2024-жылды 30-августунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев “Камбар-Ата-1” ГЭСинин туннели толук казылып бүткөндүктөн, ачылыш аземине катышты. Туннелдин бургулоо-жаргылоо жумуштары 2023-жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө толугу менен ийгиликтүү казылып бүттү.

Туннелдин жалпы узундугун 1387.17 метрди түзөт. Советтер Союзунун тушунда 1262 метр казылып, 126 метр калган. Калган бөлүгүн казуу иштери бир жыл, төрт айда бүттү. Казуу иштеринде жалпы “Нарынгидроэнергострой” ААКтан 56 жана субподрячике “Кыргыз ГССтен” 20 жумушчу иш алып барды. Бул туннел аркылуу транспорт каттамы менен Камбар-Ата-1 ГЭСине керектүү баардык жабдыктар жеткирилет.

Маалыматка ылайык бүгүнкү күндө бүткөн жумуштар: КАГЭС-1 участкасына кирүүчү жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Анын ичинен жолдун бир тарабы 5 чакырымы бүттү. 2024 -жылга жалпы жолдун жарым бөлүгү бүтсө, дагы жарым бөлүгү 2025 жылдын башына пландалды. Туннелдин бургулоо-жаргылоо жумуштары 2023-жылдын апрель айында башталып, бүгүн 30 - августта 126м туннелдин бүтпөгөн бөлүгү толугу менен казылып бүттү . 110 кВ аба чубалгысы боюнча иштер аткарылып, жалпы узундугу 11км ден 6 км зым тартылды. Аба чубалгынын 60 % бүттү, Жалпы 25 мамычадан 14ү орнотулду. План боюнча 2024 жылдын аягына чейин 110 кВ аба чубалгысы менен электр комокчу чордону боюнча иштери буткоруусу каралган. Жумушчулар үчүн курулуп жаткан убактылуу шаарчанын жана ПС 110/6кВ комокчу чордондун негизи даярдалды. Нарын дарыясынын он жээгине отуп Камбарата ГЭС-1не баруучу копуронун №1 менен №2 тирегинин сваялары буткорулду. Ошондой эле копуронун темир тузумдору Кытай компаниясы менен биргеликте даярдалууда. Камбарата ГЭС-1ди курууда керектелуучу мобилдик байланыш Мегаком туйуну курулуп буткорулду, узундугу 1300м болгон ОВ-8 чубалгысы орнотулду.

438f2203 a562 4c0b 88c8 b0c5d268acae

66e2bf25 c16a 4b64 a710 a80ac45d50f7

bfd8a5fc a8ca 492e 8ba6 5714ae538b6a

770d1c36 db10 4610 9a4b 8cc867c56be8

82fff204 1e08 45c9 b9f5 f2e419d17e11

987fbfb3 a17c 4f20 b59d 74befc68f333