Энергетикалык коопсуздукту алып келүүчү кылым долбоору “Камбар - Ата 1” ГЭСи

Мамлекеттик долбоор статусун алып, өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты жоюга багыт алган ири долбоор Камбар-Ата 1 ГЭСнин курулушуна болгон даярдык иштери планга ылайык өз убагында аткарылууда.

Бүгүнкү күндө Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш иштерине даярдык ыкчам жүргүлүзүлүү менен биргеликте бир катар жумуштар аткарылды. Энергетиктердин негизги максаты жыл аягына чейин даядык иштерин бүткөрүү. Камбар-Ата-1 ГЭСти курууга багытталган даярдык иштери эки жылга пландалып, анда көпүрө салуу, суунун нугун буруу, туннел казуу, жол салуу жана аны бетондоо, аба чубалгы тартуу, жумушчулар учун убактылуу лагерди куруу каралган.

Учурда аткарылган иштер:

1. Бишкек-Ош унаа жолунун 318-чакырымынан №2 Прорезге чейин КАГЭС-1 участкасына кирүүчү жолдун жалпы узундугу 5,6 чакырымды түзөт. Анын ичинен 2,8 чакырым жолдун тротуарынын негизи даярдалып,бетон төшөлдү.

2.Траспорттук туннелинин ТТ-2 жалпы узундугу чыгуу порталы менен 1388 метрди түзөт. Учурда бир тарабынан 64 метр, экинчи чыгуу порталы тараптан 5 метр казылып бүттү.

3. 110 кВ аба чубалгысы боюнча иштер аткарылып, фазанын жалпы узундугу 4,605 км түзөт, узундугу 27,6 км болгон АЦ-150/24 эки чынжырлуу зымдар тартылды. Мындан тышкары 9 мамыча орнотулган.

4. КАГЭС-1 курулуш объектисинде подстанция ПС-110/6 кВ көмөкчордонду куруу, № 10, 11, 12 жана 13 автожолдор тилкесинде топурак жана тоо тектерин өздөштүрүү иштери жүрүп жатат.

Нарын дарыянын агымын буруу үчүн дамба (перемычка) орнотуу иштери аткарылууда.

5. Көпүрөнүн курулушу боюнча берилген алдын ала долбоорлордун негизинде көпүрөнүн таянычтарын даярдоо иштери жүргүзүлүп, учурда №1,№ 4 таянычтарды орнотуу иштери жүрүп жатат.

6.Курулуш жумушчулары үчүн убактылуу лагерь курулууда.

Бүгүнкү күндө жасалып жаткан жумуштар ГЭСтин курулушун баштоону эртелетүү үчүн шарт түзүү максатында активдүү аткарылууда.

Белгилей кетсек, ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

1

10

11

12

13

2

3

4

5

6

7

8

9