Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун биринчи фазасынын аякташы боюнча салтанаттуу иш-чарада “Электр станциялар” ААКынын айырмаланган кызматкерлерин сыйлады.
Кыргыз Рсепубликасынын Президентинин сыйлык сааттары менен сыйланышты:
- Болотбек уулу Алидин – Токтогул ГЭСинин электр-техникалык лабораториясынын инженери;
- Медербек Калыбекович Калыбеков – Токтогул ГЭСинин жабдууларын оңдоп-түзөө боюнча 4-даражадагы электр слесары;
- Топчубек Мейманович Маматалиев – Таш-Көмүр ГЭСинин электр-машина цехинин 4-даражадагы слесары;
- Шайлообек Ооганов – Токтогул ГЭСинин электр цехинин 5-даражадагы электр слесары;
- Исак Акбаралиевич Худайбердиев – Азия өнүктүрүү банкынын “Токтогул ГЭСин Реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча топтун башчысы.