Энергетика министри Т.Ибраев Үч-Коргон ГЭСнин реконструкция иштерин текшерди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраев «Электр станциялар» ААКнын жетекчилиги менен биргеликте Үч-Коргон ГЭСнин реконструкция жумуштары менен жеринде таанышты.

Аталган ГЭСтин реконструкция ишинин башталганына төрт ай болду. Министр модернизациялоо иштерин жеринде көрүп, төрт ай аралыгында аткарылган иштер тууралуу маалымат алды.

Муну менен катар министр Т.Ибраев алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн ГЭСтеги реконструкциялоо жумушун сапаттуу жана өз убагында бүткөрүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Модернизациялоо жумуштарынын алкагында гидроагрегаттарды калыбына келтирүү иштери белгиленген графикке ылайык уланууда.

Маалыматка ылайык учурда Үч-Коргон ГЭСнин 4- ГАсын монтаждоо жумуштары жүрүп жатат. Алардын катарында: генератордун статорун, роторун монтаждоо, спиралдык камеранын бетинен датты тазалоо, коррозияга каршы даярдоо иштери, кысылган аба системасынын түтүктөрүн чогултуу, эски кабелдерди демонтаждоо, системанын дренаждык башкаруучу шкафтарын жана демонтаждалган жабдууларды кампага ташуу.

ГЭСтерди модернизациялоонун негизги максаты:

  • ГЭСинин иштөө мөөнөтүн 30-40 жылга чейин узартуу;
  • ГЭСтердин кубаттуулуктарын жогорулатуу;
  • Моралдык жана физикалык жактан эскирген станцияларды башкаруу системасын алмаштыруу менен заманбап системаларын орнотуу болуп эсептелинет.