Энергетика министри Т. Ибраев Ош ЖЭБнин күз-кыш мезгилине даярдык ишин текшерди

Бүгүн, 2024 -жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраев "Электр станциялар" ААКнын фидиалы Ош электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.

Иш сапарынын жүрүшүндө энергетика министри Ош ЖЭБнин буу казандар цехинде номер 2-чи буу казандагы буу ысыткыч жабдууларын алмаштыруу иштери менен жеринде таанышты.

Мындан тышкары Ош ЖЭБнин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча трлук маалымат алып, ремонттук иштерди, реконструкция жумуштарын суук түшкөнгө чейин өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Ошондой эле Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө магистралдык жылуулук түтүктөрүнүн трубаларын алмаштыруу иштери жана аткарылган жумуштар боюнча маалымат алды. Быйылкы жылкы план боюнча 836 метр жылуу суу түтүктөрүн алмаштыруу каралган. Анын ичинен бүгүнкү күндө 530 метри аткарылып бүттү. Министр план боюнча коюлган жумуштарды өз убагында көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды.