Күрп-Сай ГЭСинде №3 гидроагрегат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

«Электр станциялар» ААКна караштуу Күрп-Сай ГЭСинде №3 гидроагрегат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул иш чаралардын алкагында гидротурбина жана электр жабдыктары толугу менен мерчемделген көлөмдүн негизинде оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Азыркы учурда белгиленген жумуштардын 80% аткарылды.
«ТН-220 Датка» жана “ТН-220-I СШ” чыңалууну өлчөөчү трансформаторлору жаңысына алмашылтырылып, ишке киргизилди. Буга чейинки трансформаторлор дээрлик 43 жылдан бери иштеп келген. Ошондой эле ачык бөлүштүрүүчү жайында ОРУ-220/110 кВ «Датка» аба чубалгысындагы «ТН-ВЛ-220-Датка» өлчөөчү трансформатору жаңысына алмашылтырылды.
1-шиналар системасындагы «ТН-20–IСШ» чыңалууну өлчөөчү трансформатору жаңысына алмашылтырылып, 2024-жылдын 17- сентябрында ишке киргизилди.
2-шиналар системасындагы “ТН-220-IIСШ” чыңалууну өлчөөчү трансформаторунун алмашуусу 2024 - жылдын 19-сентябрынан баштап 25- сенябрга чейин созулат.
Бул иш чаралар 2024-2025-жылы күз-кыш мезгилиде элибизди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында аткарылууда.
1
2
3
4
5
6
7
8
9