Үч-Коргон ГЭСинде №4 гидроагрегаттын статору ордуна ийгиликтүү салынды

«Электр станциялар» ААКтын филиалы Үч-Коргон ГЭСинде реабилитациялоо долбоорунун алкагында №4 гидроагрегаттын статору чогултулуп, ордуна ийгиликтүү орнотулду.
Бул өз учурунда долбоорду бүтүрүүдө орчундуу кадамдардын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСнин 4-ГАнын эски жабдууларын демонтаждоо иштери толугу менен бүтүп, монтаждоо жумуштары аткарылууда. Учурда Үч-Коргон ГЭСнин № 4 ГАнын реконструкция жумуштарынын 65 % бүттү.
Ошону менен бирге бүгүнкү күндө аткарылып жаткан жумуштар:
⁃ Роторду чогултуу боюнча жумуштар;
⁃ Ротордун темирин чогултуу;
⁃ Багытточу машинанын пышактарын орнотуу боюнча даярдык иштери;
⁃ Т2 трансформаторун орнотуу иштери;
⁃ Өрт өчүрүү жана муздатуу системасынын түтүктөрүн орнотуу. Ток өткөргүчтөрдү монтаждоо. Авариялык дренаждык резервуарды орнотуу;
⁃ Электр кабелдерин тартуу;
⁃ Кабелдик лоток боюнча иштер жүргүзүлүүдө;
Эске салсак, долбоордун негизги максаттары:
⁃ Физикалык жана моралдык жактан эскирген жабдууларды алмаштыруу жолу менен ГЭСти калыбына келтирүү;
⁃ Электр механикалык генерациялоочу жабдууларды (кубатын 20%ке чейин жогорулатуу менен) жана ГЭСтин гидротехникалык конструкцияларын алмаштыруу;
⁃ Реконструкция долбоору ГЭСтин иштөө мөөнөтүн узартып, элибизди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатта аткарылууда.
Модернизациялоо долбоору ийгиликтүү ишке ашса, ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна кошумча 9 МВт кошулуп, № 4 ГА күз-кыш мезгилине ишенимдүү иштеп берет.
Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун алкагында аткарылып жаткан жумуштар декабрь айында аяктайт.
1
2
3
4
5
6
7
8
9