«Электр станциялар» ААКнын Таш - Көмүр ГЭСтер Каскадында бетон заводунун жана спорт комплексинин курулушу башталды

Кечээ, 15 - августта Таш - Көмүр ГЭСтер Каскадынын Шамалды-Сай шаарында бетон заводунун жана спорттук ден - соолукту чыңдоо комплексинин курулушу башталды. Бетон заводунун жана спорттук ден - соолукту чыңдоо комплексинин курулушунун башталышына "Электр станциялар" ААКнын башкы дирекциясы, Таш - Көмүр ГЭСтер Каскадынын кызматкерлери жана жетекчилери катышты.

Белгилей кетсек, бул объектилердин курулушу компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен чыгымдарды оптималдаштыруу менен курулуп жатат .

Бүгүнкү күнгө чейин бетон чыгаруучу жабдуулар бетон заводуна жеткирилип, жабдууларды орнотуу кызуу жүрүүдө. Жабдуунун салмагы 100 тоннаны түзөт жана бир айдын ичинде ал толугу менен орнотулуп, бетонду ар кайсы маркасы менен чыгара баштайт. Ал эми кызматкерлер үчүн спорттук - ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушун жакынкы арада аяктоо пландаштырылууда.

Бетон заводунун курулушун бүткөрүү калкты кошумча жумуш орундары менен камсыз кылууга, Таш - Көмүр ГЭСтер Каскадынын алдыдагы Курулуш жана оңдоо иштерин жакшыртууга өбөлгө түзөт жана келечекте ГЭСтин туруктуулугун камсыздайт.

Шамалды - Сай шаарындагы спорт комплексин куруу Кыргыз Республикасынын Президентинин "2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү" 2024-жылдын 25-мартындагы жарлыгынын алкагында келечек муундарды спортко тартуу багытында, ошону менен бирге спорт комплексин куруу кызматкерлердин ден - соолугун өз убагында кароо менен бирге натыйжалуу иштешине өбөлгө түзөт.