«Электр станциялар» ААКнын Ат - Башы ГЭСде өрт кырсыктары учурунда иш алып баруу боюнча машыгуу болуп өттү

Бүгүн, 23 - май 2024 жылы «Электр станциялар» ААКнын филиалы Ат-Башы ГЭСинин имаратында ар кандай техногендик, табигый жаратылыш жана өрт кырсыктары учурунда иш алып баруу боюнча тактикалык машыгуу болуп өттү.

Тактикалык машыгуу КР Президентинин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 2024-жылга бекитилген иш-чаралардын планына ылайык Ат-Башы ГЭСнин кызматкерлери, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгы жана шаардык тез жардам кызматы менен биргеликте өттү.

Белгилей кетсек, акыркы учурларда кооптуу өзгөчө кырдаалдар көп чыгып жаткандыктан, кызматкерлер өзгөчө кырдаалдарда тийиштүү чараларды көрүшү үчүн компаниянын бардык филиалдарында жарандык коргонуу боюнча, ар кандай техногендик, табигый жаратылыш жана өрт кырсыктары учурунда иш алып баруу боюнча окуулар, машыгуулар өткөрүлөт.