«Электр станциялар» ААКсы менен «Газпром Кыргызстан» ЖЧК келишим түзүштү

Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда «Электр станциялар» ААКсы менен «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын ортосунда калкты жаратылыш газы менен камсыздоо боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүлдү.

Белгилей кетсек, бул келишимдин алкагында Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБтери газ менен камсыз болушат, ишканалар өз учурунда абанын булганышына каршы күрөшүүгө, калкты экологиялык жактан таза отун менен камсыздоого өтүшөт.

Эскерте кетсек, “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Таштан Коңурбаев 2024-жылдын 5-8 июнунда Санкт-Петербург шаарында өткөн «Петербург эл аралык экономикалык» форумуна катышкан.

Форумда ар түрдүү темалар, анын ичинде энергетика тармагын өнүктүрүү жана анын көйгөйлөрү, дүйнөлүк экономиканын негизги маселелери жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбалар, компетенциялар менен алмашуу талкууланды.

1

2

3

4