«Электр станциялары» ААКсы Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын эмгек сиңирген ишмери, КМШнын эмгек сиңирген инженери, СССРдин энергетика жана электрлештирүү боюнча отличниги - Какишев Курманбек Какишевич дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу үй-бүл

Өз ишинин профессионалы, тактыкты сүйгөн, ак пейил, руханий бай инсан дүйнөдөн өттү.
Какишев Курманбек Какишевич 1940 - жылы Токтогул районунда жарык дүйнөгө келген, өмүрүнүн 50 жылын энергетикага арнагаган.

Эмгек жолун 1958-жылы Фрунзедеги «Сельмашзаводдо» токарь болуп иштеп баштаган.
1959-1961 — Фрунзе райондук электр тармактарынын электр монтеру;

1961-1964-жылы - Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн, адистиги - электр станциялары.

1964-жылы Түркмөн ССРинин Кизиларват электр тармагы, Кара-Калинская ГЭСинин башкы инженери;
1966-жылы – «Ат-Башигесстрой» курулуш башкармалыгы, улук энергетик, прорабы;
1971-ж. - «Нарынгидроэнергострой», ПМКнын бригадири-энергетиги, ПТОнун улук энергетики;
1976-жылы Токтогул ГЭСинде инженер, ОКСтын улук инженери;
1981-жылы Токтогул ГЭСинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

1982-жылы Күрпсай ГЭСинин электр цехинин улук мастери;

1983-жылы Токтогул ГЭСинин каскады, капиталдык курулуш башкармалыгынын улук инженери;

1984-жылы Талас электр тармактар ​​ишканасынын Кара-Көл электр бөлүштүрүүчү зонанын начальниги;

1986-жылы Токтогул ГЭСтер каскады, участок начальниги;

1994-жылы курулуп жаткан ГЭСтер ишканасы, 1-категориядагы инженер;

1994-жылы курулуп жаткан ГЭСтер ишканасы, капиталдык курулуш жана жабдууларды сатып алуу бөлүмүнүн жабдууларды даярдоо тобунун жетектөөчү инженери болуп эмгектенген.

Күжүрмөн эмгектин артынан ардактуу сыйлыктар менен сыйланган:
«Эмгектин ардагери» медалы, «Кыргызгазэнергохолдинг», «Электр станциялары» ААКнын Ардак грамоталары, «ГОЭЛРОго 80 жыл» ардак белгиси менен сыйланган.

2003-жылы - КМШнын эмгек сиңирген энергетики.
2006-жылы Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери.

«Кесиптештери жумушта тыкан, кылдаттык менен иштеген, кесипкөй, талапты кое билген жетекчи, жөнөкөй, адамгерчиликтүү инсан катары эскеришет»

«Электр станциялар» ААКнын жалпы кесиптештери Курманбек Какишевичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.