Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатынын модернизациялоо иштеринин башталганына үч айдан өттү

"Электр станциялар" ААКнын Токтогул ГЭСнин №1 ГА модернизациялоо иштеринин башталганына үч айдан өттү. Бул аралыкта күз - кыш мезгилинде элибизди үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыз кылуу максатында энергетиктер ГА модернизациялоону ыкчам бүткөрүү аракетинде ГЭСте активдүү жумуш алып барууда.

Модернизациялоо иштеринин жүрүшүндө кандай алгылыктуу иштер бүткөрүлдү?

Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатынын эски жабдууларын демонтождоо иштери толугу менен бүтүп, монтаждоо жумуштары башталды.

Азыркы учурда ГЭСте №1 ГАтын жаңы статору менен роторун чогултуу/монтаждоо жумуштары жүргүзүлүүдө.
Анын ичинен ротордун активдүү темиринин 4- бөлүгү монтаждалып, кысып текшерүү жүргүзүү алдында турат, текшерүү бүтсө 5-бөлүгүн монтаждоо улантылат.

№1 монтаждоо жумуштары пландын негизинде аткарылууда.

Турбина бөлүгүндө: басымды өлчөө үчүн приборлор панелинен импульстук түтүктөрдү, клапандарды жана сенсорлорду орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Генератор бөлүгүндө: муздатуу системасынын суу өткөргүчүнөн келген түтүктөрдү монтаждоо жана ширетүү иштери;
ГА-1 генераторунун статордук аба муздаткычтарынын муздатуу системасынын берүүчү түтүктөрүн ширетүү жана монтаждоо иштери аткарылууда.

Механикалык жардамчы бөлүгүндө: 710м бийиктикте Т-1 трансформаторунун муздатуу системасынын түтүктөрүн сыноо 15 бар басымда 30 мүнөткө созулат.
Т-1 трансформаторунун муздатуу системасынын №83 орнотулган түтүгүн бийиктикте сыноо, 15 бар басымда 30 мүнөткө созулат.
№1 жана №2 дренаждык насостун трубаларынын системасынын ширетүү жана монтаждоо иштери 695-713 м бийиктикте ишке ашууда.

Жардамчы электр бөлүгү. Бийиктикте ( 726.00-723.00м) дренаждык насостордун бөлүштүрүүчү панелдеринде электр жана башкаруу кабелдерин тартууга даярдыктар көрүлүүдө.
Курулуш бөлүгүндө. Бийиктикте (710-726м)монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Турбинанын шахтасында сырдоо иштери аяктады. Сорулуучу трубанын конусунда кум менен тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Реабилитациялоо иштери ийгиликтүү ишке ашса, ГЭСтин кубаттулугу 60МВт көтөрүлүп, иштөө мөөнөтү 25-30 жылга узартылат.