Токтогул ГЭСтин 1-ГАнын модерницазиялоо иштеринин башталганына төрт айдан өттү

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев «Электр станциялар» ААКнын Токтогул ГЭСнин 1-ГАнын реконструкция ишинин төрт айдан берки жасалган жумуштары менен жеринде таанышты.
Министрге учурдагы реконструкция жумуштарынын аткарылышы тууралуу реабилитациялоо долбоорунун жетекчисинин орун басары Людмила Шакар маалымат берди. Анын айтымына караганда 1-гидроагрегатынын реконструкциялоо жумуштарынын алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылган:
  1. Негизги жана көмөкчү жабдууларды демонтаждоо иштери толугу менен аяктады;
  2. Турбинанын жана спиралдык камеранын салынган тетиктерин даярдоо иштери аяктады;
  3. Роторду чогултуу аяктады;
  4. Агрегаттарды муздатуу тутуму үчүн түтүктөрдү , кабелдик лотокторду, ток өткөргүчтөрдү монтаждоо жүргүзүлүүдө.
Келерки жумада чогулган статорго сыноо жүргүзүү менен текшерүү жумуштары болот , андан кийин жаны ротор ордуна салынат.
Министр ГЭСтин күз - кыш мезгилине даярдыгын текшерип, компаниянын башкы директору С. Садыракуновко күз - кыш мезгилине карата ремонттук жумуштарды өз убагында бүткөрүүнү, модернизация долбоорун, суу режимин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
Токтогул ГЭСнин реабилитациялоо долбоорунун жетекчисинин орун басары Людмила Шакар: “Гидроагрегаттын реконструкция жумуштарын күз - кыш мезгилине өз убагында бүтүрүүбүз абзел, анткени арегаттарды киргизүү кеч калганда, баарыбызга канчалык кыйын болоорун билебиз, ошон үчүн командабыз менен талыкпай эмгектенип жатабыз , буйруса берилген графикке жумуштар бүтөт”,-деп баса белгиледи.
1
2
3
4
5
6
7
8