Кандай иштер аткарылды?
«Электр станциялар» ААКтын Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатынын реабилитациялоо иштеринин башталганына үч ай болду. Учурда «ГЭСти модернизациялоо» долбоорунун алкагында толугу менен №4ГАнын эскилиги жеткен жабдуулары демонтаждалып бүтүп, монтаждоо жумуштары башталды.
Аткарылган иштер:
№4 гидроагрегатынын демонтаждоо иштери:
- полюстарды демонтаждоо, май линиясын, суу түтүктөрүн, жогорку багыттоочу подшипникти, статордун таякчаларын (стержень) жана бирикмелерин (шины) демонтаждалган;
- үстүнкү кайчылаштары, статор сегменттери демонтаждалып бүткөн
Кургатуу системанын №2 насосунун реабилитациялоо иштеринде:
- жабуучу плитасын бузуу иштери, метал каркасын бетон үчүн орнотуу, түтүктөрдү жана
кронштейндери орнотуу, жабуу клапанын жана текшерүү клапанын монтаждоо, насостун фильтр торун жасоо;
- сорулуучу түтүктү жайгаштыруу жана насосту текшерүү иштери бүткөн.
Учурда аткарылып жаткан иштер: Кысылган аба системасында: 524,3 м бийиктикте кысылган аба системасынын эскилиги жеткен түтүктөрүн, кабыл алгычтарын, компрессорлорун демонтаждап, ордуна жаңы жабдуулар монтаждалууда;
Азыркы учурда монтаждоо аянтчасында жаңы статор бөлүгүндө жабдууларды чогултуу иштери аткарылууда;
Документтер менен иштөө: долбоорлорду, иш өндүрүш долбоорлорун жана графиктерди даярдоо;
ГЭСтин №4 гидроагрегаттынын жумушчу баранын камерасын туралоо жана бекитүү (орнотуу) боюнча иштер жүрүүдө;
Транспорттоо иштери: техниканын жардамы менен курулуш калдыктары, демонтаждалган кысылган аба системасынын жабдуулары Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын кампасына ташылып жатат;
Электрдик бөлүгүндө: 507 м бийиктикте электромеханикалык кампа жайларынын дубалдарын бузгандан кийин жумуш ордун тазалоо, 491,90м бийиктикте кабелдик коридор боюнча кабел лотокторду орнотуу.
Бүгүнкү күндө реконструкция иштери графиктин негизинде ыкчам аткарылууда. Энергетиктердин негизги максаты калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине жакшы даярдык менен кирүү жана ага чейин Үч-Коргон ГЭСтин реконструкцияга берилген №4ГАсын толук бүткөрүү болуп саналат.