«Электр станциялар» ААКнын эң биринчи салынган жана эскилиги жеткен Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо иштеринин негизги иштери бүтүп, бүгүнкү күндө реконструкция иштеринин 65 пайызы аяктап калды.
Эске салсак Үч-Коргон ГЭСи салынып ишке киргенден бери, модернизациялоо иштери ГЭСте биринчи жолу жүрүп жатат.
ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатуу менен бирге иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда. “Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо” долбоорунун алкагында демонтаждоо иштери толугу менен бүтүп, азыркы күндө аткарылган монтаждоо иштери:
1. Г-4 генераторунун роторун чогултуу боюнча иштер-95% аткарылды.
2. Т-2 күч трансформаторун монтаждоо 100% аткарылган.
3. РУ-10 кВ ток өткөргүчтөрдү монтаждоо – 99% га аткарылган.
4. Станциянын дренаждык системасы, 6 (алты) насос орнотулган, түтүктөр алмаштырылган жана монорельс Телфер плиталары орнотулган - 75% аткарылды.
5. Агып жаткан бөлүгүн кургатуу системасы, 1 (бир) насос орнотулган, түтүк алмаштырылган-25% га аткарылган.
6. ГА-4 гидроагрегатын монтаждоо;
- РК камерасын орнотуу-100% аткарылды.
- статорду долбоордук ордуна орнотуу-100% аткарылды.
Мындан тышкары учурда Үч-Коргон ГЭСде калган монтаждоо иштери ыкчам аткарылууда.
Бүгүнкү күнгө аткарылып жаткан иштер:
1. Документтер менен иштөө: иш өндүрүш долбоорлорун жана графиктерди даярдоо;
2. Генератордун статорун чогултуу боюнча жумуштар-муздатуу тутумунун түтүктөрүн орнотуу иштери аткарылууда;
3. Генератордун роторун чогултуу боюнча жумуштар-ротордун уюлдарын орнотуу (монтаждоо аянтчасында).
4. 4-ГА жөнгө салуу системасынын түтүк өткөргүчтөрүн монтаждоо. Генератордун валынын таягын орнотуу. РК боюнча ширетүү иштери. Турбинанын валы менен капкагын монтаждоо.
5. Т-2 монтаждоо – Т-2 башкы трансформаторун киргизүү боюнча даярдык иштери.
6.Электр бөлүгүндө-электр кабелдерин орнотуу жумуштары жасалууда.
7. Кампадан жаңы жабдууларды ташуу жана полигонго курулуш таштандыларын чыгаруу иштери аткарылууда.
Энергетиктердин негизги максаты калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине жакшы даярдык менен кирүү жана ага чейин Үч-Коргон ГЭСтин рекструкцияга берилген ГАсын толук бүткөрүү.