«Токтогул ГЭСнин реабилитациялоо» иштеринин 80% аяктады

«Электр станциялар» ААКнын Токтогул ГЭСнин реконструкция жумуштарынын башталганына 6 ай болду. Бул аралыкта модернизациялоо долбоорунун маанилүү жумуштарынын 80% пайыздан ашыгы аткарылып бүттү, алсак:
- 1 - ГА негизги жана көмөкчү жабдууларды демонтаждоо иштери толугу менен аяктады;
- Гидроагрегаттын генераторунун статору толугу менен чогултулуп, сыноодон ийгиликтүү өттү;
- Токтогул ГЭСнин 1 - гидроагрегатынын ротору чогултулуп, ийгиликтүү орнотулду;
- Турбина бөлүгүнүн негизги монтаждоо иштери аяктады.

Бул маанилүү жумуштарды ийгиликтүү аяктоодо биздин коллектив менен долбоорду алып барган көптөгөн адистердин жетишкендиктери, талыкпас эмгеги жана кесипкөйлүгү.

Эске салсак, берилген пландын негизинде 5 - марттан тарта ГЭСте реконструкция жумуштары башталып, №1 гидроагрегатынын суу түтүгүнүн тосмолору жана гидромеханикалык жабдууларын(ГМЖ) калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү башталган.

Гидроагрегаттын учурдагы абалы:

✔️1 - ГА демонтаждоо иштери ушул жылдын май айында толук аяктаган.
✔️1 - ГА гидроагрегатты монтаждоо иштери 81 %га аткарыды.
✔️ Негизги жана көмөкчү жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Токтогул ГЭСнин 1 - ГА жакынкы арада ийгиликтүү сыноодон өткөрүп ишке киргизип алсак, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25 - 30 жылга узарып, күз - кыш мезгилине калкыбызды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздаганга өбөлгө түзүлүп, ГЭСтин кубаттуулугуна кошумча дагы 60 МВт кошулат.

WhatsApp Image 2024 09 06 at 14.06.18 8

WhatsApp Image 2024 09 06 at 14.06.17 3

WhatsApp Image 2024 09 06 at 14.06.17 4

WhatsApp Image 2024 09 06 at 14.06.17 5

WhatsApp Image 2024 09 06 at 14.06.18 11

WhatsApp Image 2024 09 06 at 14.06.18 5

WhatsApp Image 2024 09 06 at 14.06.18 2