Бүгүн, 2024-жылдын 29-июлунда «Электр станциялары» ААКтын Шамалды-Сай ГЭСинде келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында үстүбүздөгү жылдын 27-майында башталган №2 ГАнын капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат

Графикке ылайык Шамалды - Сай ГЭСинде №2 гидроагрегатта төмөнкү оңдоо иштери жүргүзүлдү:

- Жаңы ГАнын сенсордун монтаждоо бурчун ширетүү
- Турбинанын капкагынын терезелерин ширетүү
- Тормоздук домкратты оңдоо
- 2-ГАнын дөңгөлөктөрүн оңдоо, кавитациялык эскирүү зонасын ширетүү 2– ГА рефлекторду орнотуу
- Жумушчу паранын астындагы темир орнотмолорду бузуп-жыйноо
- Турбинанын подшипниктерин чогултуу

Эскерте кетсек, бардык оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

2024-2025-жылдар аралыгында калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында «Электр станциялары» ААК күз-кыш мезгилине оперативдүү даярдыктарды көрүүдө.

05091e0a d23a 4627 9cb8 aa7f9cf5708c

8388c6c6 216d 4e10 8c10 f63655e4e9e3

c0a4e3f4 027e 43ff 9e92 50d961b3f607

cbb9a1fa c4df 4038 a022 23ad00624654

d4a0a7fa 09fc 4a40 b043 500873df5822