2024-жылдын 12-ноябрында Кара-Көл шаарында “Электр станциялар” ААКтын Директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү. Иш-чара компаниянын 2024-жылдын 9 айындагы каржы-чарбалык ишинин жыйынтыгына жана бюджеттин аткарылышына арналды. Жыйынга директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана «Электр станциялар» ААКтын жалпы дирекциясы катышты.
«Электр станциялар» ААКтын башкы башкармалыгы ишкананын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча кеңири отчет берди. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелерине, Үч-Коргон жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө, ошондой эле Камбар-Ата ГЭСин курууга даярдык көрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйналышты жыйынтыктап, Директорлор кеңешинин төрагасы Мырзаканов К.Н. ишкананын жооптуу кызматкерлерине күз-кыш мезгилинин алдында бардык пландаштырылган оңдоо иштерин сапаттуу жана өз убагында аткарууну тапшырды. ГЭСтердин негизги жана көмөкчү жабдууларын капиталдык оңдоону өз убагында жүргүзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Мырзаканов К.Н. бардык зарыл болгон иш-чараларды өз убагында ишке ашырып,келерки жылытуу мезгилинде энергетика системасынын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздай турганын баса белгиледи. Ал компаниянын жалпы жамаатына ийгиликтүү иштөөнү жана 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен кыйынчылыксыз өтүүнү каалады.