“Электр станциялар” ААКынын директорлор Кеңешинин чечими менен 2021-жылдын 18-февралында Талайбек Эркинбекович Бектенов компаниянын башкы директорлук кызматына дайындалды.
Буга чейин башкы директорлук кызматты Жолдошбек Ишенбаевич Ачикеев ээлеп келген. Анын ыйгарым укуктары өз каалоосу боюнча берген арызына ылайык 2021-жылдын 1-февралында токтотулган.
Т.Э. Бектенов 1973-жылы туулган, билими жогорку техникалык. 1996-жылы И. Раззаков атындагы КТУну “Өнөр-жай ишканаларын электр менен камсыз кылуу, инженер-электрик” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек ишин Шамалды-Сай ГЭСинин машиналык залында нөөмөтчү инженерликтен баштаган.
Акыркы 5 жылда ээлеген кызматтары:
- 2015-2018-жж. – “Электр станциялар” ААКынын филиалы – Курулуп жаткан ГЭСтер ишканасынын башкы инженери;
- 2018-2018-жж. – “Электр станциялар” ААКынын башкы директорунун биринчи орун басары;
- 2018-2019-жж. “Электр станциялар” ААКынын техникалык директору;
- 2019-2020-жж. “Электр станциялар” ААКынын башкы директорунун орун басары;
- 2020-ж. 24-январынан баштап “Электр станциялар” ААКынын башкы директорунун биринчи орун басары.