Урматтуу кесиптештер, Баарыңыздарды кыргыз элинин эркиндигин, биримдигин жана улуулугун билдирген майрам – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!

0035019b 2f7a 4ddb 95a7 14219bfc4aaf

Бул өзгөчө күнү биз мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүнүн башатында турган даңктуу ата-бабаларыбызга, анын эгемендигин жана бүтүндүгүн күнүмдүк аракети менен колдоп жаткандардын бардыгына таазим этебиз.

“Электр станциялар” ААКсы биздин сүйүктүү Кыргызстандын энергетика тармагында маанилүү орунду ээлейт.

Биз өлкөбүздүн экономикасын жана социалдык бакубаттуулугун туруктуу өнүктүрүүдө, негизи болуп саналабыз.

“Электр станциялар” ААКынын жамааты — бул өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы жогору адистердин командасы. Сиздер — өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын өз эмгегиңиздер менен бекемдеп, Кыргызстаныбызды күн сайын күчтөндүрүп, көркүнө чыгарып турасыздар.

Бул майрам күнү ар бириңиздерге эмгегиңиз, кесипкөйлүгүңүз жана жоопкерчилигиңиз үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздердин аракетиңиздердин артынан биз жогорку жетишкендиктерге жетишип, келечекке тайманбастык менен карайбыз.

Сиздерге чың ден-соолук, түгөнгүс энергия, жаңы кесиптик жетишкендиктерди жана жеке бакубат жашоо каалайм! Ар бир күн сиздерге аткарылган ишиңиздерден кубаныч алып келсин жана биздин жалпы максатыбыз — сүйүктүү жана кооз Кыргызстаныбыздын гүлдөп - өнүгүшү жана көз карандысыздыгы үчүн сыймыктануу менен салым кошуу.

Урматтоо менен,
“Электр станциялар”ААКнын
башкы директору
С. Садыракунов