Урматтуу ардагерлер жана пенсионерлер!

Сиздерди «Электр станциялар» ААКтын жана жеке өзүмдүн атымдан карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул күн кийинки муундарга өткөрүп жаткан көп жылдык эмгегиңиздер, турмуштук акылмандыгыңыздар жана кайраттуулугуңуздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүү үчүн өзгөчө күн. Сиздер өз өмүрүңүздөрдү мыкты келечекти түзүүгө арнадыңыздар жана сиздердин аракетиңиздердин аркасында «Электр станциялар» ААК жана Кыргыз Республикасынын энергетика тармагы гүлдөп-өнүгүүнү улантууда.
Сиздердин зор тажрыйбаңыздар жана терең билимиңиздер бүгүнкү күндө бизди ийгиликтерге жетишүүдө, өнүгүүдө негиз болуп эсептелинет.
Сиздер узак жолду басып өттүңүздөр жана коомго кошкон эбегейсиз салымыңыздар чоң!
Сиздерге чын дилимден жакшылыктарды - бекем ден соолук, бакыт-таалай, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм. Сиздерди ар дайым жакын адамдарыңыздын камкордугу жана жылуулугу курчап, күн сайын кубаныч жана сыймыктануу гана алып келсин.
Урматтоо менен,
“Электр станциялар”ААКтын башкы директору
С.Садыракунов
1
2