Үч - Коргон ГЭСнин реабилитациялоо долбоорунун алкагында эскилиги жетип иштегенине 40 жыл болгон трансформатор алмашылып жатат

Үч-Коргон ГЭСиндеги ТЦ-125000/110 тибиндеги экинчи башкы трансформатор Т-2 1984-жылы ишке киргизилген, ошондон бери тынымсыз иштеп келүүдө, абалы эскирип, эскилиги жетсе да жумушчулардын талыкпаган эмгегинин, тажрыйбасынын артында бүгүнкү күнгө чейин авариясыз иштетип өз салымдарын кошуп келишти.

24-август күнү жаңы үлгүдөгү SSP-140000/110 болгон трансформатор Үч-Коргон ГЭСине жеткизилди. Азыркы күндө эски башкы трансформаторду демонтаждоо боюнча иштери аяктап, азыркы учурда Подрядчынын адистери, ошондой эле Үч-Коргон ГЭСинин жамаатынын аракети менен жаңы трансформаторду орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Муну менен кошо ГЭСтин жардамчы жабдыктары, блоктогу жаңы жабык ток өткөргүчү, №2 жана №4 өз муктаждыктарынын трансформаторлору жана реактору дагы жаңыланууда.

«Уч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун алкагында эскилиги жеткен жана өндүрүштүк ресурстары иштелип бүткөн жабдуулардын баары алмашылып, жаңы технологиялык ыкмалар колдонулуп, автоматташтырылып жаңылангандан соң Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 20%га көбөйүүсү күтүлүүдө.

Бул долбоорду ийгиликтүү аяктоо Кыргыз энергетикасынын стратегиялык өнүгүүсүнө чоң салымын кошот, ал өз кезегинде Кыргыз Республикасынын экономикалык жана стратегиялык өнүгүүсүнө таасирин тийгизет жана элибизге көптөгөн жылдар кызмат кылып берет деген ишеничтебиз.

a983cb15 0941 4973 9812 8295df53f238

349cc9cc 582f 4127 bcba 9514b91255da

635477b3 f8e5 4de1 81da 8288d6571a84

94be88d4 ef2e 4325 b573 4e848a7b427b