"Электр станциялар" ААКнын Үч-Коргон ГЭСнин №4 гидроагрегатынын реабилитациялоо иштеринин башталганына 5 айдан өттү.
Реконструкциялоо журуштарын аткарып жаткан топ тынымсыз иш алып барууда. Жалпылап айтканда Үч-Коргон ГЭСнин 4-ГАсын реконструкция жумуштарынын 50 пайызы аткарылып бүттү. Учурда бир катар алгылыктуу жумуштар аткарылууда:
- 4-ГАнын демонтаждоо жумуштары толугу менен аткарылып, жаңы гидроагрегатты чогултуу иштери кызуу жүрүп жатат.
- Генератордун статорунда чогултуу жумуштарынын 95 пайызы аткарылып бүттү.
- Генератордун муздатуу системасынын трубаларын монтаждоо иштери аяктады жана генератордун башкаруу системасын ордуна орнотушту.
- Өздүк керектөөгө болгон генераторга тиешелүү калкандарды алмаштыруу иштери аяктады.
- ГА толугу менен демонтаждоо жумуштары аткарылып, жаңы гидроагрегатты чогултуу иштери кызуу жүрүп жатат.
- Бүгүнкү күндө генератордун роторун монтаждоо иштери уланууда, ал үчүн жабдуулар алдырылууда.
- План боюнча августтун аяктарында Т-2 башкы трансформатордун демантождоо иштери башталат.
Реконструкция жумуштары ийгиликтүү бүтсө Үч-Коргон ГЭСнин №4 ГАсы жаңыланып, кошумча кубаттуулук кошулуп, иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарат. Бул өз учурунда ГЭСтин иштөө ишенүүмдүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат.