Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатынын “ротору” ийгиликтүү орнотулду

2024-жылдын 8-августунда «Токтогул ГЭСинин №3 фазасын реабилитациялоо» масштабдуу долбоорунун алкагында маанилүү этап аяктады.
Акыркы беш айдын ичинде адистердин тобунун жасаган эбегейсиз зор аракеттердин үстүндө №1 ГА генераторунун ротору ийгиликтүү орнотулду.
Бул маанилүү күнгө алып келген иштердин жыйынтыгы жогорку деңгээлдеги техникалык күч аракеттерди жана көптөгөн адистердин координациясын талап кылды. Генератордун роторун орнотуу бул-процесстин негизги элементи болуп саналат жана алдыдагы максаттарга жетүүдөгү маанилүү кадамды билдирет.
”Бүгүнкү маанилүү этап - бул жөн гана техникалык жетишкендик эмес, бул - биздин коллективдин долбоордун ар бир этабын ийгиликтүү аяктоого кошкон салымы, күч аракети жана кесипкөйлүгү. Инженерлер жана жумушчулар процесстин ар бир этабында тактыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн алдыңкы технологияны жана жабдууларды колдонушту. Алар акыркы айлардын ичинде талыкпай эмгектенип, татаал техникалык маселелерди чечип, кыйынчылыктарды жеңип иштеп жатышты. Биз сыймыктанабыз жана бардык пландаштырылган жумуштардын алкагын мындан ары да ийгиликтүү ишке ашырууга ишенебиз”, - деп белгиледи «Электр станциялар» ААКнын башкы директору С.Садыракунов
Токтогул ГЭСин реабилитациялоо жана №1 гидроагрегатты алмаштыруу энергетикалык инфраструктураны жакшыртуунун маанилүү кадамдары болуп саналат. Бул электр энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн гана жогорулатпастан, айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтат. Бул долбоор аймактын жана бүтүндөй өлкөнүн энергетика тармагынын негизги элементтеринин бири катары станциянын позициясын бекемдейт.
«Электр станциялары» ААКнын башкы директору С.Садыракунов масштабдуу долбоордун бул этабын ишке ашырууга катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирди. Ал алдыда дагы көп иштер турганын жана дал ушундай кесипкөйлүк менен жыйынтык жогорку деңгээлде болоорун баса белгиледи.