Нооруз майрамыңыздар менен-жаздын,кайра жаралуунун жана тынчтыктын майрамы менен!

Урматтуу мекендештер!”Электр станциялар”ААКнын жалпы жаматынын жана жеке өзүмдүн атыман жылуу каалоо-тилектерди кабыл алыңыздар
 
 Жаркыраган жаз менен, эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди.Нооруз майрамы чындап эле нурдуу, жакшы тилектердин майрамы.
 
Нооруз майрамында элибизде ынтымак, биримдик болсун деп аруу каалоо-тилектерди тилейбиз.
Ушул кубанычтуу майрамда жергебизде тынчтык болуп,ылайым ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун.
Ар бирибиз үчүн бул жыл бактылуу жыл болсун. Ынтымакчылыктын, бекем достуктун, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ийгиликтердин, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болсун.
Дайыма жүзүңүздөр жарык, маанайыңыздар шат болсун.Тилеген ой-максаттарыңыздар орундалсын!

Урматтоо менен,
“Электр станциялары “ ААКнын башкы директору Коңурбаев Таштан Дарманкулович