16-мартта, «Электр станциялары» ААКнын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

«Электр станциялары» ААКнын ынтымактуу жамааты директордун биринчи орун басарынын катышуусунда ишкананын аймагын тазалады.

Ишембиликте аймак куурап калган жыгачтардан жана тиричилик таштандыларынан атайын техниканын жардамы менен тазаланды.

Бекитилген аймак иретке келтирилип, таштандылар чыгарылып, арыктар тазаланды.

Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү бүткүл коллективдин мүчөлөрүнүн активдүү катышуусунда.Биргелешкен аракет менен ишкананын аймагы бир нече сааттын ичинде көркүнө чыкты.